Ош — Баткен — Раззаков жолунун 17,5 чакырымы оңдолуп бүттү

Соц.тармактарда бөлүшүү

Ош — Баткен — Раззаков жолунун 17,5 чакырымы оңдолуп бүтүп, бүгүн ачылды

Ноокат шаарын аралап өткөн жолдун 34-40-чакырым аралыгы 4 тилкелүү болуп, жарыктандырылып, тротуарлар салынган. Аны менен катар жолдогу Абшыр-Сай жана Чили-Сай көпүрөлөрү толугу менен жаңыдан курулуп бүттү. Ал эми жолдун 29-чакырымындагы Кыркол-Сай көпүрөсүн куруу иштери 80%га аяктап калганын президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдирди.

Жолдун калган бөлүгүн 2025-жылы асфальттоо пландалууда. Ал иштер бүтсө Ош менен Баткен облустарын бириктирген негизги жол толугу менен оңдолуп бүтмөкчү.

сүрөттөр: Спутник


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *