БАТКЕНДЕ АЛДЫДА ӨТҮҮЧҮ ШАЙЛООГО КАРАТА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Шайлоо 17-ноябрь
БАТКЕНДЕ АЛДЫДА ӨТҮҮЧҮ ШАЙЛООГО КАРАТА ОБЛУСТУК ШТАБДЫН ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ
Бүгүн, 31-октябрда КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы, республикалык штабдын тең төрагасы Н.Шайлдабекованын жетекчилигинде 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону уюшкандыкта өткөрүү жана даярдык көрүү боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү.
Жыйынды КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев алып барды. Ага облустун активи, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, укук коргоо органдарынын жетекчилери, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана мүчөлөрү катышты.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү, шайлоо процессинин мөөнөттөрү жана этаптары, тиешелүү органдардын милдеттери тууралуу КР Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымат берилди.
Учурда шайлоочулардын тизмелери такталып, шайлоочулар аралыктан добуш берүүгө катталууда. Шайлоочулардын тизмеси шайлоо мезгилинде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте күн сайын жаңыланып турат.
Жыйында шайлоону даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө маалыматтар берилди. Анда шайлоону даярдоого көмөк көрсөтүү боюнча бардык зарыл иш-чаралар, баарынан мурда участкаларды материалдык-техникалык жабдуу, аларды үзгүлтүксүз электр менен жабдуу, ошондой эле генераторлор, жылытуу, байланыш, техникалык жактан колдоо топтору үчүн автотранспорт менен камсыз кылуу жана башка маселелер көңүлдүн чордонунда болду. Шайлоо участкаларында ДМЧА үчүн шарттарды түзүү белгиленип, көпчүлүк участкалар пандустар менен жабдылган, Брайль шрифти менен даярдалган маалыматтык материалдар бар.
Ошондой эле аралыктан добуш берүүнү активдештирүүнүн зарылдыгы айтылып, Баткен шаарында аралыктан добуш берүүгө арыздарды кабыл алуу үчүн 3 пункт ачылгандыгы маалымдалды.
Аралыктан добуш берүүнү каалагандар 6-ноябрга чейин төмөнкү дарекке кайрыла алышаары белгиленди:
✓ Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби (Ж.Момунов көч., 16);
✓ Баткен мамлекеттик университети (И.Жусупов көч., 21);
✓ Калкты тейлөө борбору ЦОН (М.Салихов көч., 33/1).
Ошондой эле «ЭЛЕКТРОНДУК АРЫЗДЫ» «tizme.gov.kg» сайтындагы «Шайлоочунун кабинети» аркылуу берүүгө болот.
2024-жылдын 17-ноябрында өтүүчү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого карата Баткен облусунда 6 шаарда шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо аяктады. Жыйынтыгында 166 мандатка 35 саясий партиядан 885 талапкер каттоодон өтүшкөн.
Ушундай жыйындын уландысы Баткен мамлекеттик университетинде өткөрүлөт.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *