2-ноябрда Баткен шаарында КРнын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталып, салтка айланган Мурас-Аймак достук мелдешинин облустук этабы өттү.
Мелдешке КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев баштаган район-шаар башчылары, облустук мекеме ишканалардын жетекчилери, кызматкерлер катышты.

Мурас-Аймак футзал боюнча мелдешинин облустук туруна жалпы жети команда катышып;
l орунду Баткен шаарынын командасы
ll ору Баткен районунун күч түзүмдөрүнүн командасы
lll орунду КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн командасы ээледи.
Жеңүүчүлөргө облус башчысы кубок, медаль, диплом жана баалуу белектерди тапшырды.
Алдыда жеңүүчүлөр республикалык мелдешке катышат.
Белгилей кетсек, Мурас-Аймак достук мелдеши, 2021-жылдан тарта коомдун ар кандай чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы достукту чыңдоо, калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу, футзалды жайылтуу жана өнүктүрүү максатында өлкө башчысы тарабынан демилгеленип, өткөрүлуп келет.





