Бүгүн, 6-июнь күнү Баткен шаарында Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналган спорттук мелдештердин ачылышы болду.
Спорттук мелдеш Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Улан Жукеновдун демилгеси менен Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата уюштурулду.

Иш чараны Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги Кубанычбек Колдошов ачып, өлкөнүн өнүгүшүнө милициянын кошкон салымы зор экендигин, мыйзамдуулукту, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоодо милиция кызматкерлеринин ролунун маанилүүлүгүн белгилеп, оюндун катышуучуларына ийгилик каалады.
“Үстүбүздөгү жылы Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл толот. Мындан улам Кыргыз милициясы өзүнүн кылымдык мааракесин белгилеп жатат. Андыктан, бул мааракени утурлай Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан облустун бардык аймагында бир катар майрамдык иш-чаралар мерчемделген. Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арналып, бекитилген иш мерчемдеринин алкагында бүгүн облустук деңгээлде спорттук мелдештерди уюштуруп жатабыз. Бул күнү оюнга катышып жаткан командалар, спорттун кичи футбол жана аркан тартыш түрү боюнча мелдешет. Аларга биз, ийгилик каалайбыз», – деди Кубанычбек Колдошов.
Спорттук мелдешке Баткен облусунун аймагындагы район-шаарлардагы ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринен, облустук кайгуул күзөт кызматынын өздүк курамынан куралган 8 жана ардагерлерден турган 1, жалпысынан 9 команда катышууда.