Медицинага арналган өмүр

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бир тармакта 50 жыл

Жээнгул Баитова 50 жылдан ашуун өмүрүн саламаттыкты сактоо тармагына арнаган кесипкөй медайым. Учурда ал Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунда Балдарды алдын ала эмдөө жана кеңеш берүү кабинетинин медайымы болуп иштеп келген болсо, бүгүн ардактуу эс алууга узатылды.
Бул иш чарага Саламаттыкты сактоо министринин Баткен облусундагы координатору, облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Бөрүбеков Арзыбек Курсаналиевич катышып, жарым кылым өмүрүн медицина тармагына арнаган Жээнгул Баитовнага ден соолук, бакубат жашоо каалап, эженин басып өткөн иш тажрыйбасы жаштарга өрнөк боло тургандыгын баса белгилеп, Ыраазычылык дипломун тапшырды. Ошондой эле Жээнгул Баитовнага бирге иштеген кесиптештери да жакшы каалоо-тилектерин билдиришип, ушундай адискөй кесиптештери менен сыймыктана тургандыгын айтышып, эженин басып өткөн жолу аларга үлгү экенин белгилешти.
Жээнгул Баитовна өз кесибин сүйгөн мыкты адис, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун эмгек сиңирген кызматкери, Саламаттыкты сактоонун мыктысы. Азыркы күнгө чейин ал Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунда Балдарды алдын ала эмдөө жана кеңеш берүү кабинетинин медайымы болуп иштеп, жаш адистерге өз тажрыйбасы менен бөлүшүп келген. Ак эмгек эч качан кайтарымсыз калбайт деген сыңары, ден соолук сакчысынын элге көрсөткөн кызматынын акыбети кайтып, эми минтип жамааты ардактуу эс алууга узатып жаткан убагы.


Жээнгул Баитова кесибинин анык күйөрманы. Айылдаштары да аны кудайдан келген медайым деп да коюшат. Жашы пенсия курагын эбак ашса да күнүмдүк иш убактысында тынымы жок иштеп келди. Жарым кылым өмүрүн дал ушул калк саламаттыгына арнады.
Жээнгул айым көптөгөн жаш медайымдарга үлгү. Дасыккан, кесипкөй, бар билгенин жаштарга үйрөтүп, тажрыйбасын бөлүшүп келет. Эң башкысы ар бир жарандын саламаттыгына көңүл бөлгөн медайым медицина тармагына өз эмгегин сиңирди деп таанылган. Ал өзүнүн ишин ардактап иштеп, темирдей тартипти сактап, жаш кесиптештерине тажрыйба жүзүндө көрсөтүп, үйрөтүп кеткендиги менен жамаатынын эсинде калды.
Жээнгул Баитовнанын медайым болуп иштеп келатканына быйыл 51 жыл толот. Ал 1954-жылы 7-сентябрда Баткен районунун Зардалы айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1969 – жылы В.И.Ленин атындагы орто мектебин аяктап, ошол эле жылы Кызыл-Кыя шаарынын медициналык окуу жайына тапшырат. Аталган окуу жайды 1973-жылы ийгиликтүү бүтүрүп, жалпы профилдеги медайым адистигин алган.
Ошол эле жылы Баткен районуна караштуу Рават айылдык участкалык ооруканасында медайым болуп алгачкы эмгек жолун баштаган. Андан кийин Баткен райондук ооруканасынын балдарга кеңеш берүү жана алдын ала эмдөө каанасынын медайымы болуп дайындалат. 2003-жылдан баштап үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун №2 ГСВнын башкы медайымы болуп, бир топ жыл үзүрлүү иштеп келген.

1980-жылы Комсомол уюмунун төрайымы, 1990-жылдан тартып оорукананын профсоюз уюмунун текшерүү комиссиясынын төрайымы болуп иш алып барды.
Жарым кылым өмүрүн калктын саламаттыгына арнаган Жээнгул айым үзүрлүү эмгенин натыйжасында бир катар сыйлыктардын ээси болуп, жамаат арасында, калк арасында кадыр-барк тапты. Сый-урматтын ээси болду. Алсак, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, шаардык мэриянын, ошондой эле Баткен облусунун башчысынын, саламаттыкты сактоо министринин Ардак грамоталары менен сыйланган. Мындан сырткары Кыргызстан аялдар конгрессинин «Лидер айымы» китебине чыгарылган. Кыргызстан профсоюздар федерациясынын «Профсоюзга сиңирген эмгеги», Кыргыз Республикасынын Ардактуу аксакалдар жана айымдар коомдук бирикмесинин «Ардактуу айым ордени, Беш – берен эл аралык коомдук фондунун «Ардактуу өмүр сакчысы» төш белгилери ыйгарылган. Саламаттыкты сактоонун отличниги, КР Саламаттыкты сактоонун эмгек сиңирген кызматкери наамдарынын ээси.
Бир кыздын татыктуу энеси, 3 неберенин тайэнеси.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *