БАТКЕНДЕ КЫЗМАТ УЧУРУНДА КАЗА БОЛГОН МИЛИЦИОНЕРЛЕР ЭСКЕРИЛДИ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жетекчилик менен биргеликте бүгүн башкармалыктын имаратында кызмат учурунда каза болгон кызматкерлерди эскеришти. Бул эскерүүгө кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрү, жакындары, ИИОнун ардагерлери жана облустук казыяттан өкүл келип катышты.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 1999-жылы түптөлгөн. Ошол түптөлгөн жылдан бери кызматтык милдетин аткаруу учурунда 19 кызматкерибиз катарыбыздан азайган….
Баткен ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Улан Жукенов кызмат учурунда каза болгон кызматкерлердин ар биринин эрдиги дайыма эсте кала тургандыгын белгилеп, алардын ар биринин үй-бүлөлүлөрүнө моралдык жана материалдык жардам бериле тургандыгын айтты.
Кызмат учурунда каза болгон айрым кызматкерлердин ысымы көчөлөргө, айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө ыйгарылган.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *