Өмүрбек Асан уулу Иорданияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды

Соц.тармактарда бөлүшүү

17 жашка чейинки өспүрүмдөр арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан үчүнчү алтын медаль капчыкка салынды. Өмүрбек Асан уулу (60 кг чейин) Иорданияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды

Финалга чыгуу жолунда ал Япония, Украина жана АКШдан келген атаандаштарын жеңип алды. Ал эми финалда азербайжандык Хусейн Исмаилов менен күрөшкөн. Асан уулу 5:1 эсебинде жеңишке жетти.

Буга чейин Рустамжан Камбаров менен Курсантбек Исаков алтын тагынышкан.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *