КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, облус аймагында жаңыдан курулган, курулушу жана капиталдык оңдоп түзөө иштери жүрүп жаткан мектептерден кабар алды.
Ж.Исаков жаңы окуу жылына жаңыдан пайдаланууга берилүүсү күтүлгөн билим берүү мекемелерин мөөнөтүндө толук жаа сапаттуу бүткөрүү боюнча тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
2024-жылдын сентябрь айына Баткен районунун Кайыңды айылындагы 150 орундуу “Турусбеков” атындагы орто мектеби, Кадамжай районунун Чандеки айылындагы 150 орундуу “Жаныбеков” атындагы орто мектеби, Лейлек районунун Лайли айылындагы 150 орундуу “Лайли” башталгыч мектептеринин курулушу аяктоо алдында турат.
Быйылкы жыл ичинде облуста 12 мектептин курулушун бүткөрүү пландалган.
Мындан сырткары 8 мектепти капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү каралган.