Лейлекте “жарнама тактасы” аталышындагы рейд жүрүүдө

Соц.тармактарда бөлүшүү

Лейлекте унаа жолдорунда катталып жаткан жол унаа кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында “Жарнама тактасы” аталышындагы рейддик иш чара жүрүүдө.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн үстүбүздөгү жылдын 15-январындагы “Жарнама тактасы” аталышындагы иш чарасынын алкагында 19-январга чейин бул рейд уланат.

“Жарандар өзүм билемдик менен борбордук көчөлөргө, тротуарларга каалагандай жарнамаларды илип алышкандыктан жол коопсуздугунун бузулушуна түрткү болууда.

Бул кемчиликтерди четтетүү максатында мыйзам талаптарын бузгандарга айып пулдар салынып, айрымдарына эскертүүлөр берилди”, – дейт Лейлек райондук жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Нурсултан Өмүрзаков.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *