Өткөн жыл ичинде Кадамжай районунун аймагында үй бүлөлүк зордук-зомбулуктун 126 учуру катталып, 126 коргоо ордерлери тапшырылган. Коомчулуктун тынчын алган мындай зордук-зомбулуктардын алдын алуу, токтотуу боюнча Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы соц.педагогдор менен биргеликте зомбулукка кабылган үйлөргө барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Эске сала кетсек, мындан бир аз мурда мурда эле Кадамжай районунда күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, көчөдө муунтулуп өлтүрүгөн жаш келиндин каргашалуу окуясы боюнча тергөө иштери жүрүүдө.