Лейлек районунун Бешкент айылындагы “Лайлы” орто мектебинин ачылуу аземи өттү.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, 92,9 млн сомго курулду.
150 орундуу мектепте заман талабына ылайык бардык шарттары каралган.
Билим ордосу бүгүн өлкөдө ачылган 45 объекттин катарында ачылып, пайдаланууга берилди.
Ачылуу аземине жеринен КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиева, район акими Канимет Осмонбеков, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Батма Имаралиевалар катышты.