Бүгүн өлкө аймагында 45 жаңы объектилер ачылып, пайдаланууга берилди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 14-октябрда өлкө аймагында 45 жаңы объектилердин ачылыш аземи жүрүп жатат. Ага МинКаб төрагасы Акылбек Жапаров онлайн байланышта старт берди.
🇰🇬 Баткен облусунда 25 объект
4 – административдик имарат,
4 – кызматтык турак үйлөр,
3 – тигүүчү цех,
3 – эс алуучу парк жайлары,
3 – спорт зал,
2 – мектеп,
2 – балдар бакчасы,
2 – логистикалык борбор,
1 – лаборатория,
1 – ишкана.
Жалпы 25 объект ачылды.
🇰🇬 Ош облусунда 10 объект:
3 өнөр жай, 7 – соцалдык объект. Алардын ичинде: 3 – балдар бакчасы, 2 – мектеп, 2 – үй бүлөлүк дарыгерлер тобу, 2 – тигүүчү цех жана 1 – көмүрдү кайра иштетүүчү ишкана.
🇰🇬 Ысык-Көл облусу боюнча 4 объект:
Лесное айылындагы (Теплоключенка) кичи ГЭС, Жаңы-Арык айылындагы курулуш материалдарын чыгаруучу ишканасы, Балыкчы шаарындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдын курулушу, жана Түп айылындагы райондук жалпы дарыгердик практика борбору ачылат.
🇰🇬 Нарын облусунда 3 объект:
Төш-Булак, Орук-Там, Ак-Кыя жана Орто-Саз, Жаңы-жол айылдарындагы таза суу системасы. Эчки-Башы айылындагы ФАП.
🇰🇬Жалал-Абад облусунда 2 обьект:
Жазгак айылындагы № 34 Жазгак жалпы билим берүүчү мектебинин спорт залы жана Арстанбап айылындагы №50 мектепке чейинки билим берүү уюму.
🇰🇬Талас облусунда 1 объект
Акназаров айыл аймагында Кызыл-Жар жана Жалпактил каналы.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *