Лейлекте 10жылга жакын издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Лейлекте 10жылга жакын издөөдө жүргөн жаран башка өлкөдөн кармалып келди. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык,  Раззаков шаарынын 39жаштагы тургуну Ш.Д. 2015-жылы бейбаштык жасап, кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу максатында изин суутуп кеткен. 2015-жылдын август айынан бери Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, кылмышка шектүүнүн жүргөн жери аныкталган эмес.
Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам- иликтөө иштеринин натыйжасында Россияда Федерациясында экендиги аныкталып, орусиялык кесиптештердин жардамы менен кармалып, Лейлек РИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *