Тоңдо 45 жаштагы аял төрөт үйүнөн каза болуп, баласы ичинен чарчап калган.
Маалыматты Саламаттык сактоо министрлиги тастыктап, окуя 21-январга караган түнү болгонун кабарлады.
“Аял төрөтканага толгоо тартып келген. Бирок абалы начарлап кеткен. Көрүлгөн чараларга карабай аял төрөгөнгө чейин эле каза болуп, ичиндеги баласы да чарчап калган”, — дешти министрликтен.
Бул көз жумган аялдын жетинчи төрөтү экени белгилүү болду. Учурда аталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.