2-апрелинде Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык башкармалыгынын Шор жаңы конушунда жаңы мечиттин ачылышы болду. Ачылуу аземине Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков, Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Н.Топчиев, Караван аймактык башкармалыгынын башчысы Н.Кыпчаков жана жашоочулар катышты.
Мэр өз сөзүндө, мечиттердин, медреселердин, диний кызматкерлердин негизги милдеттери-адамдын ички дүйнөсүн тазартуу, ак ниет менен адал эмгектенүүгө, кайрымдуулукка, боорукерликке тарбиялоо болуп эсептелерин айтты.
Жаңы мечиттин курулушуна өз салымдарын кошкон атуулдарга мэр ыраазычылыгын билдирип, каалоо тилектерин айтып өттү.