БАТКЕНДЕ ҮЙДӨ БЕКИЛИП КАЛГАН 2 ЖАШТАГЫ НАРИСТЕ КУТКАРЫЛДЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 12-апрель күнү саат 10:09 да Кызыл-Кыя шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринде бекилип калган эки жаштагы наристени куткаруу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Бул тууралуу алгачкы маалымат 101 байланыш кызматына түшкөн. Жерине саат 10:11де №62 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 офицер жана 2 куткаруучу тартылган. Натыйжада саат 10:21де эшикти ачып, наристени аман-эсен өз ата-энесине беришкен. Наристенин абалы жакшы. Жабыркагандар жок.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *