Кызыл-Кыяда уурулук фактысына шектелген жаран кармалды

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кызыл-Кыя шаарында “Нелегал” иш-чарасынын жүрүшүндө уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу  Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой Кызыл-Кыя шаарындагы офистердин биринен витринада сатууда турган Редми 12С үлгүсүндөгү кол телефонду уурдап изин жашырып кеткен жарандын үстүнөн Кызыл-Кыя шаарынын тургуну арыз менен милицияга кайрылган.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталат.
2024-жылдын 3-июнунан 9-июнуна чейинки аралыкта өткөрүлүп жаткан “Нелегал” иш-чарасынын жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын аймагынан Кызыл-Кыя ШИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган 34 жаштагы А.Тны аныктап кармаган.
Кылмышка шектелип кармалган А.Т. убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *