
Кадамжай району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрткө каршы куткаруу бөлүктөрү арасында ынтымак-биримдикти бекемдөө жана дени сак жашоо образын жайылтуу максатында спорттук мелдеш уюштурулду. Кичи футбол жана волейбол боюнча мелдешке жалпы 5 курама команда катышты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.
Волейбол боюнча мелдеште 1-орунду №76, 2-орунду №77 жана 3-орунду №107 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн курама командалары камсыздап, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу” оюнчулар аныкталды.
Ал эми футбол боюнча 1-орунду №76, 2-орунду №77 жана 3-орунду №107 өрткө каршы күрөшүү бөлүгүнүн курама командалары багындырып, атайын сыйлыктар менен сыйланышты.