Кызыл-Кыя шаарында “Нелегал” иш-чарасынын жүрүшүндө уурулуктун бети ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой Кызыл-Кыя шаарындагы офистердин биринен витринада сатууда турган Редми 12С үлгүсүндөгү кол телефонду уурдап изин жашырып кеткен жарандын үстүнөн Кызыл-Кыя шаарынын тургуну арыз менен милицияга кайрылган.
Бул арыз Кызыл-Кыя ШИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен катталып, сотко чейин өндүрүш иши башталат.
2024-жылдын 3-июнунан 9-июнуна чейинки аралыкта өткөрүлүп жаткан “Нелегал” иш-чарасынын жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын аймагынан Кызыл-Кыя ШИИБдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерлери Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган 34 жаштагы А.Тны аныктап кармаган.
Кылмышка шектелип кармалган А.Т. убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.
