Кызыл-Кыяда лазердик аппараттын жардамы менен, бөйрөктөгү ташты алуу ыкмасы ийгиликтүү жасалууда.

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында, лазердик аппараттын жардамы менен, бөйрөктөгү ташты алуу ыкмасы ийгиликтүү жасалууда.
Ооруканага алынып келинген заманбап медициналык жабдуу менен ( гольмиевой лазер) дарыгерлер операциясыз, денеге залал келтирбей туруп, бейтаптын заара жолдору аркылуу бөйрөктөгү таштарды майдалап алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Мамлекеттик бюджеттин каржылоосу менен алынган жабдуу, облуста азырынча бирөө. Ошондуктан ооруканага Баткен облусунун бардык район шаарларынан жана жакын жайгашкан Ош облусунун Ноокат, Араван районунун тургундары кайрылууда.
Бейтаптар оорудан жеңил арылып, үч күн аралыгында үйүнө чыгарылууда.
Дарыгерлердин айтымында Баткен облусу бөйрөктөгү таш оорулары көп кездешкен аймак болуп саналат.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *