Бүгүнкү күндөн баштап “Манас” эл аралык аэропорту ААК эми “Кыргызстан аэропорттору” ААК деп расмий түрдө өзгөрдү.
Бул аталыш ачык акционердик коомго гана тиешелүү, ал эми Бишкектеги аэропорт “Манас” деген аталыш менен калды.
Мындай өзгөртүү өлкөнүн бардык аэропортторун бир бренддин алдына бириктирүү, өнүктүрүү боюнча мекеменин стратегиялык багытын чагылдырат.