Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу учуп кетишти

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн, 31-май күнү Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу Ош эл аралык аэропортунан учуп кетишти.  Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Зыяратчыларды ыйык сапарга узатууга Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ кызматкерлери, Сауд Арабиясынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Ради, Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушев жана Ош облусунун казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков башында турган дин ишмерлери катышты.

Быйыл Сауд Араб Падышачылыгы ажылык үчүн Кыргызстанга 6060 квота берген. Ажылык сапардын баасы 3750 доллар деп белгиленген.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *