Адаттагыдай аба ырайы тууралуу учкай маалымат сунуштайбыз. Бир көз жүгүртүп алыңыз.
Бүгүн өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаап, күн күркүрөйт!
Абанын температурасы Чүйдө +24…+29, Талас аймагында +22…+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +27…+32, Ысык-Көл жергесинде +18…+23, Нарын өрөөнүндө +20, Бишкекте +26…+28, Ош шаарында өткүн өтүп, +30…+32 градус болот. Ал эми термометр Чолпон-Атада +18…+20 градусту көрсөтөрүн айтышты.
Иш күнүңүз ийгиликтүү башталсын!