Баткен областынын прокуратурасы тарабынан 25-декабрда Баткен областынын укук коргоо, фискалдык, мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча кезектеги Координациялык кеңешинин отуруму өткөрүлдү.
Аталган Координациялык кеңешмеде 26.09.2024-жылдагы 3/1-24 сандуу чечимдин аткарылышы боюнча “Баткен” бажысы, УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен областы боюнча Башкы башкармалыгы, Баткен ОИИБ, УКМКнын Баткен областы боюнча башкармалыгы жана райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу маалыматтар угулду.
Жыйынтыгы менен Координациялык кеңештин 4-чейрегиндеги отурумунун чечими кабыл алынып, областтын аймагындагы тийиштүү укук коргоо жана мамлекеттик органдарга аткарууга жиберилди.