КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮСҮ КҮТҮЛҮҮДӨ!

Соц.тармактарда бөлүшүү

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына ылайык үстүбүздөгү жылдын 17-апрелинен 18-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.
Алар:
🔺Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу;
🔺222-250-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу;
🔺Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусу;
🔺Барскоон — Ак-Шыйрак автоунаа жолунун 52-68 чакырымдарындагы Сөөк ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
✅АЙДООЧУЛАРДЫН ЭСИНЕ!
Алыскы жолго чыгууда дөңгөлөк чынжырчасын, күрөк жана ысык суу, жол азыгын, дары-дармек кутучасын алыңыздар.
Ал эми унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
☎️Эгер сиз кандайдыр бир кырдаалга күбө болсоңуз “112” кызматына токтоосуз билдириңиз. Чалуу күнү-түнү кабыл алынат жана акысыз.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *