Урматтуу Баткен облусунун тургундары!
2024-жылдын 20-апрелинде өлкөнүн бардык аймактарында Улуттук тазалык күнү өтөт. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Бул күнү облус аймагында массалык ишембиликтер уюштурулат. Андыктан мекеме ишканалардын кызматкерлерин, менчигинин түрүнө карабастан бардык коомдук уюмдар менен бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрүн, ишкерлерди жана жалпы облус тургундарын ишембиликке активдүү катышууга чакырабыз.
Ар бир мекеме жана ар бир үй-бүлө, айлана чөйрөнү тазалоо, таштандылардан арылтуу, имараттарды жана турак үйлөрдү, коомдук жайларды актап сырдоо, оңдоп түзөө, сугат арыктарын чабуу, гүл жана бак дарак көчөттөрүн отургузуу ж.б. иштерин аткаруубуз абзел.
Ишембилик облустун бардык район-шаар аймактарында эрте менен саат 9:00дөн башталат.
Белгилей кетсек, КРнын Президенти Садыр Жапаровдун 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, апрель айынын үчүнчү ишембиси “Улуттук тазалык күнү” деп белгиленген.
