КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаров Кайтпас – Өтүкчү автоунаа жолуна барышты.

Кайтпас-Өтүкчү жолуна Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен асфальт төшөлгөн.
Узундугу 27 чакырым болгон жол, Кадамжай районунун Молдо Нияз жана Ак-Турпак айыл аймактарынан өтөт.Тагыраагы Кыргызстандын “Кайтпас” чек ара көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан башталып, Өзбекстандын Сох анклавына алып барат.
Жетекчилер, аталган жолдун 24,7-чакырымында жайгашкан Кожешкен дарыясындагы көпүрөнүн ачылышына катышышты.
Көпүрөнүн узундугу 72метр, туурасы 12метр.Четинде жөө адамдар өтүүчү тротуарлары бар.
Көпүрө буга чейин авариялык абалда болгондуктан, 2023-жылы капиталдык оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн титулдук тизмеге киргизилип, КРнын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан быйылкы жылы 22 млн 673 миң сомго курулду.
Бул көпүрө Өзбек Республикасынын Сох анклавына алып өтөт.
Көпүрөнүн курулушу менен катар, дарыя жээктери да бекемделген.
Облус башчылары аталган көпүрө Достук көпүрөө катары кызмат кылуусуна тилектештигин билдирип, кошуна жашаган жергиликтүү кыргыз-өзбек айылдарынын эли менен жолугуп, эки элге ынтымак каалашты.




