Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагындагы, эл аралык мааниге ээ болгон “Жийделик-Ак-Кыя” жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.
Маалым болгондой узундугу 12км болгон жол, туристтерге ыңгайлуу шарт түзүү максатында, республикалык бюджеттин эсебинен реконструкцияланып жатат.
Курулуштун жүрүшүндө 12км аралыкка жөө адамдар жүрүүчү жол жана үч мектептин алдына жол чырактар да курулат.
Бул жол кыргыз-өзбек республикасынын жарандары эң көп каттаган жол болуп саналат.
Эки өлкө жарандары Өзбекстандын Шахимардан аймагына жана Кыргызстандын Дугаба, Курбан-Көл эс алуу аймагына катташат.
Жолдун курулушунан КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Өзбек Республикасынын Фергана облусунун хокими Хайрулло Бозаров кабар алышып, чектеш жашаган кыргыз-өзбек эли үчүн, бул жол өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешти.