КАДАМЖАЙДА АДМИНИСТРАТИВДИК-АЙМАКТЫК РЕФОРМАНЫ ЭЛ ЖАКШЫ КАБЫЛ АЛУУДА

Соц.тармактарда бөлүшүү

Кадамжай районунда административдик аймактык реформаны эл жакшы кабыл алууда. Буга чейин эки райондук маанидеги шаар, 13 айыл өкмөт, 93 айылы бар болсо, реформадан кийин айыл өкмөттөр ирелешип, 8 айыл өкмөт кыскартылды.

Жүрүп жаткан реформанын натыйжалары боюнча бизге КРнын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын жетекчиси Окенов Эрмек Төлөгөнөвич айтып берди.

Эске сала кетсек Баткен облусунун Лейлек жана Баткен райондорунда административдик аймактык реформалар чек ара тилкелери такталгандан кийин жүзөгө ашырылат.

 


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *