К.Ташиев: “Достук айылы толугу менен тажик тарапка берилди”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Достук айылы толугу менен тажик тарапка берилди, анын ордуна 91 гектар жер менен компенсация алынды. Айылдагы жаңы курулган үйлөрдүн ордуна Тажикстандын Лаккон участогунан 30 гектар суулуу жер Кыргызстанга өткөн.

“Достук айылын толугу менен тажик тарапка бердик, анткени ал айыл биздин башка айылдардан эң алыс жайгашкан. Анын экономикалык же стратегиялык пайдасы жок болчу. Биз 91 гектар жер алдык, аны менен бирге тажик тарапка жаңы үй курууну талап кылдык. Чек ара заставасын да кошуп бердик. Карабак айылынын жанында 30 гектар суулуу жерди компенсация катары алдык. Достук айылындагыларды ошол жерге көчүрүп, жаңы үйлөр менен камсыздайбыз”, — деп билдирди УКМК төрагасы Ташиев.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *