️К.Ташиев: “Тажик тарапка “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайынын жарымы берилип, ордуна 750 гектар жер алдык”

Соц.тармактарда бөлүшүү

Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдиргендей, “Головной” суу бөлүштүрүүчү жайынын жарымы Тажикстанга берилди, анын ордуна 750 гектар жер алынды.

“Ак-Суу” суусунун бөлүштүрүлүшү башында ортосунан бөлүнүп жүрүп, “Головной” жайына келгенде бөлүнбөй калууда. Тажик тарап “ортосунан бөлсө болот” деп айтса, биз болсо “бөлбөйбүз” деп эки жылдай талаштык. Акыры, “эгер бөлө турган болсок, бизге компенсация бересиңер” деп, ошол жердеги 3 люкту 1,5 люктан бөлдүк. Бизге 1,5 люк, аларга 1,5 люк калды. Ал жер 3-4 метрди түзөт. Ошонун негизинде Тажикстандан 750 гектар жер алдык”, — деди Ташиев кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн келишим тууралуу маалымат берип жатып.

УКМК төрагасы Тажикстандан алынган 750 гектар жерлердин тизмесин тактап берди:

Унжу-Булак участогунан 500 гектар жер алынды. Бул Чоң-Алайдагы чырлуу жер болчу.

-Кароол-Дөң участогунан 100 гектар жер алынды. Бул Сүлүктүгө кире бериш жер. Тажиктердин чек арасы жолдун үстүнө чейин барып, биз 100 гектарды ичине киргизип, негизги трассанын боюнан жылдырдык.

-Катта-Туз участогунан 150 гектар жер алынды. Катта-Туз алгач тажиктерде, кийин бизде болуп ызы-чуу жаралган жер болчу. Документтерди текшерип көрсөк, ал участок бизге бөлүнгөн эмес экен. Жалпы 600 гектарды ээлейт, анда нефть скважиналары бар. Буга чейин 300 гектары бизде, 300 гектары аларда болчу. Компенсациянын негизинде алардан калган 300 гектардын 150 гектарын дагы алдык. Ошентип, Катта-Туздун 450 гектары азыр бизде калды.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *