ӨКҮЛ АЙБЕК ШАМЕНОВ БАЛДАРДЫН БАЛАТЫ МАЙРАМЫНА КАТЫШТЫ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн 25-декабрда КРнын Президентинни Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдун балдар үчүн балаты майрамы болуп өттү.
Майрамдык иш чарага облус аймагындагы окуунун алдыңкылары, көп балалуу жана аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн балдары, камкорчусунан ажыраган жана өзгөчө муктаждыктары бар 110 бала чакырылган.
Облус башчысы Айбек Шаменов балдарды келе жаткан жаңы жыл майрамдары менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, окууларына ийгилик жана бактылуу балалык каалады.
Балдарга облустук драм театрдын артисттери тарабынан жаңы жылдык жомок тартууланып, ар бир балага облус башчысынын белектери тапшырылды.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *