13-декабрда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун биринчи орун басары Б.Т.Маатовдун жетекчилигинде өткөрүлгөн “Үй-бүлөлүк зордук зомбулук жана балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган иш-чарада” коюлган талаптар аткарууга алынып, Баткен областынын прокуратурасы тарабынан үй-бүлөлүк зомбулуктун, балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин областтык жана шааррайондук кызматкерлеринин катышуусунда (алыскы аймактар онлайн) Кыргыз Республикасынын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарынын сакталышы тууралуу жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууда үй-бүлөлүк зомбулуктун, балдар арасында кылмыштуулуктун келип чыгышынын жана анын алдын алуунун жолдору талкууланып, жолугушуу суроо-жооп менен коштолду.
Мындан сырткары, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттеринин кызматкерлерине мыйзам талаптарын сактоо жагы эскертилди.