Мугалим болуу жеңил иш эмес. Бул ыйык кесипти мугалиммин дегендердин баары эле аркалай алышпайт. Сөз орус тилин орус тилдүү эмес, чөйрөлөргө үйрөткөн, чыныгы педагог жөнүндө болмокчу.
Юсупова Лейла Ахматовна Баткен шаарындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими. Аталган мектептин башкы лингивисти катары бардык орус тилчи мугалимдердин биримдигин, билимге берүүгө болгон умтулуусун өнүктүрүү багытында көп жаңылыктарды киргизип келген криеативдүү мугалим. Өзү жаш болсо да көп изденген, Лейла Ахматовна өзү Кызыл-Кыя шаарында төрөлүп, мектепти дагы, мектептен кийин БатМУнун Кызыл-Кыя шаарындагы педагогикалык гуманитардык университетинин дүйнөлүк тилдер факультетин дагы артыкчылык аттестаты жана диплому менен аяктаган.
Айтпадыкпы, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин башкы лингивисти деп… Көп изденип, ал турсун педагогика жаатындагы дүйнөлүк тажрыйбаларды өздөштүргөн жаш мугалимдин демилгеси менен аталган орто мектептин көптөгөн окуучулары республикалык олимпиадаларда мыктылардын мыктысы болуп чыккан.
Айтмакчы, Юсупова Лейла Ахматовна орус тилчи мугалим катары Орусия менен тынымсыз кызматташып жүрөт. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 31-октябрынан 4-ноябрына чейин ANO Eurasia долбоору Москва шаарында 9 өлкөдөн (Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, 120дан ашык) орус тили мугалимдери үчүн «Дүйнө тили» Эл аралык евразиялык эс алуу мектебин уюштурду. Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан) «Евразия» АНОнун билим берүү платформасында жолугушкан. Эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана орус тилин кеңири жайылтуу Программада окутуунун заманбап технологиялары жана жаштарды салттуу баалуулуктардын духунда тарбиялоо ыкмалары боюнча лекциялар, семинарлар жана мастер-класстар камтылган абройлуу семинар кеңешмелерге катышкан.
Күнөстүү Кыргызстандан Баткен шаарынан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Юсупова Лейла Ахматовна бул масштабдуу долбоорго катышуу менен бирге, Орус тили Евразия элдеринин жалпы тарыхынын жана маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналарын кеңири жайылтып келет.
Лейла Ахматовна лекцияларга, семинарларга жана мастер-класстарга катышып эле калбастан, мектеп окуучулары үчүн тил чөйрөсүн түзүү боюнча методикалык долбоорду иштеп чыкты. Бул долбоор «Евразия» АНО долбооруна катышкан өлкөлөрдүн билим берүү уюмдарында колдонулат. Андан соң, Кыргызстан менен Тажикстандын катышуучулары Иванова шаарындагы INTERDOM мектебинде 12-ноябрга чейин стажировкадан өтүштү. Юсупова Лейла Ахматовна август айында Санкт-Петербург шаарында квалификациясын жогорулатууну аяктаганын эскертип кетким келет. Жылдыруу “Россотрудничество” тарабынан конкурстук негизде уюштурулуп, анда мугалим толук квотаны жеңип алды жана өзүнүн билим базасын байытты. Лайли Ахматовна Юсупова өз шаарына жаңы энергия жана идеялар менен кайтып келди, ал аны кесиптештери менен бөлүштү.
Орусия мамлекети дагы мындай мыкты мугалимдер менен кызматташууга ар дайым кызыкдар. Алыскы аймактын болгондо да Баткен шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин орус тилчи мугалимине ар дайым ыраазычылык айтуу менен китеп жана башка окуу куралдарын камсыздоого дагы даяр экендигин ар дайым айтып келишет.