Ишембидеги жаңжалдан жабыркагандар акысыз дарыланарын Алымкадыр Бейшеналиев билдирди

Соц.тармактарда бөлүшүү

Жалпысынан 41 адам медициналык жардам алууга кайрылса, анын ичинен 11 бейтап ооруканада дарыланууда

▪️Шаардык тез жардам ооруканасында эки бейтап жатат. Бири башынан жаракат алса, экинчисинин жамбаш сөөгү сынган. Абалы туруктуу деп бааланууда

▪️Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургия бөлүмүндө бир бейтап дарыланууда. Абалы канааттандырарлык

▪️Кечээ ооруканага 8 чет элдик жаран кайрылып, Эл аралык медициналык окуу жайдын клиникасына жаткырылган. Экөөнүн мурду сынып, калгандары башынан жаракат алган. Алардан министр Бейшеналиев кабар алып, бейтаптарга меджардам көрсөтүү жеке көзөмөлүндө экенин айткан.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *