Бишкектеги башаламандык. Чет элдиктерге кол салды дегендер чекесинен кармалууда
Милиция 18-майга караган түнү 7-Апрель көчөсүндөгү жатаканага кирип барып, чет элдиктерге кол салып, алардын мүлкүн талкалаган деген шек менен 21 жана 25 жаштагы эки баланы кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген.
Мындан тышкары, Аламүдүн айылындагы тигүү цехтеринин бирине кирип барып, чет элдиктерди сабап, алардын телефон, акчаларын алган делип дагы 5 киши колго түшүрүлгөнү маалым болду. Бул иштер боюнча “Массалык башаламандык” беренеси боюнча иш козголгон.