Жол эрежесин бузгандарды эми телефонго тартып, ЖКККББга түз жеткирсе болот
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздаган орган күнү-түнү байланышта болгон 0777 102-102 WhatsApp номерин ишке киргизди.
“Мындан ары жарандар көчөдө автоунаасын туура эмес жерге токтотуп койгондорду, жол тыгындарын, жол кырсыктарын, мас айдоочуларды жана башка жол эрежесин бузгандарды көрүп калса, ушул номерге сүрөт жана видео тартып жөнөтсө болот”, — деди ЖКККББ.