Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын чек аралары кесилишкен жеринде символикалык стела ачылды.
Салтанаттуу иш-чарага мамлекет башчылары видеоконференция аркылуу Кожент шаарынан катышты.
Аталган курулуш Кыргызстандын Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Гара айылынын Кошмоло талаасы менен Өзбекстандын жана Тажикстандын чектешкен жерине курулду.
Стела үч элдин достугун жана чек ара маселелеринин толук чечилүүсүн билдирет. Ал өлкөлөр ортосундагы кызматташтык, ишеним жана ынак коңшулук үчүн жаңы этапты баштоо белгиси болуп саналат.