27-мартта Лейлек районунда Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан №48 кесиптик лицейде “Бош жумуш орундар” жарманкеси өткөрүлдү. Иш чарага район акимдин орун басары М. Каримбердиева, райондук башкармалыктын башчысы Б. К. Масалиев жана мекеме жетекчилери катышты. Жарманке жарасында район жетекчилери бош жумуш орундар боюнча маалымат беришип, социалдык контракт алган жарандар өздөрүнүн иштери жана көргөзмөлөрүн уюштурушту. Андан сырткары, №48 кесиптик лицейдин 15 бүтүрүүчүсүнө электрик кесиби боюнча дипломдор тапшырылды.