Бүгүн,13-февралда Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Бужум айылында айыл чарба жарманкеси өтүп жатат.
Аталган иш чара азык-түлүк коопсуздугунун алдын алуу, базар бааларын турукташтыруу, турмуш тиричиликке зарыл болгон негизги азык түлүк продукцияларын калкка арзан баада алуусуна шарт түзүү максатында уюштурулууда.
Жарманкеде тийиштүү өкүлдөр тарабынан элдерге эт, суу май, кум шекер жана башка ушул сыяктуу күндөлүк керектелүүчү азыктар күндөгүдөн арзан баада сатылып, соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле азык-түлүктүн баасы базар баасына салыштырмалуу 30-50 го арзан сатылууда.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Б.Төрөбаевдин 2025-жылдын 1-февралындагы протоколдук тапшырмасынын негизинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, азык-түлүккө болгон баалардын негизсиз өсүүсүнө жол бербөө максатында жер-жерлерде айыл чарба жарманкелери өткөрүлүүдө.







