Бул тууралуу БатМУнун маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкек шаарында “Керемет Холдинг” ЖЧКсынын демилгеси менен өткөрүлгөн сынакта өлкөнүн эң мыкты 273 студенти аныкталды. Тандоо атайын комиссия тарабынан жүргүзүлүп, ага жалпысынан 3 500дөн ашуун студент өтүнмө жөнөткөн. Сынактын жыйынтыгында студенттердин окуудагы жетишкендиктери, илимий-изилдөө иштери жана коомдук иш-чараларга активдүү катышуусу эске алынды.
Бул иш-чарада БатМУнун А.А. Машрабов атындагы Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун студенттери Абдиллаев Фархад жана Закирова Ыхвалай да жеңүүчү деп табылып, “Кыргызстандын эң мыкты студенти” наамына ээ болушту. Алар 1-даражадагы диплом жана атайын төш белги менен сыйланышты.