БАТМУНУН БАЗАСЫНДА “БОШ ОРУНДАР ЖАНА КЕСИПТЕР-2024” ЖАРМАНКЕСИ ӨТТҮ
Бүгүн, 28-майда Баткен мамлекеттик университетинин базасында Сапат жана карьера бөлүмү тарабынан “Бош орундар жана кесиптер-2024” жарманкеси болуп өттү.

Бул иш чарага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруф Каримович Тулаев, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы жарандарды чет өлкөлөргө ишке жайгаштыруу борборунун Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Самат Ашимжанович, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Кишимжан Абдыкадыровна, Баткен шаарынын вице-мэри Акылбек Курбанбекович, 20 дан ашуун ишкана мекемелердин өкүлдөрү келип катышты.

Жарманкенин жүрүшүндө чет өлкөгө чыгып жаткан жарандарыбыз үчүн колдонмолор, тиешелүү элчиликтердин даректери, байланыш телефондору, консулдук кызматтар боюнча кеңири маалыматтар берилди.
Белгилей кетсек учурда БатМУнун бүтүрүүчүлөрүнүн ишке жайгашуусу 68-70% түзөт.