Кутман күн, жакшылар!
Бүгүнкү күндүн аба ырайы жөнүндө учкай маалымат.
Күндүз республиканын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы Чүйдө +20…+25, Талас аймагында +18…+23, Ош, Жалал-Абад облустарында +24…+29, Ысык-Көлдө +16…+21, Нарын өрөөнүндө +17…+22, Бишкекте +23…+25, Ош шаарында +26…+28 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми Баткен өрөөнүндө күндүн табы +29 градуска чейин көтөрүлөт.
Бүгүнкү күнүңүз жакшылактарга бай болсун!