Баткен мамлекеттик университетинин факультеттер аралык профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда спорттун 7 туру боюнча “Ректордун кубогуна” арналган спорттук мелдеш өтүп жатат.
Иш чара кара кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100, Баткен облусунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата уюштурулуп, командалар ректордун кубогуна ат салышып жатышат.
Спорттук иш-чаранын максаты: БатМУнун окуу түзүмдөрүндөгү профессордук-окутуучулук курамы арасында спорт менен машыгууга жана сергек жашоого үгүттөө болуп саналат.
Мелдеште командалар спорттун кичи футбол, волейбол, стол тенниси, тогуз коргоол шахмат, стритбол жана ордо оюндары боюнча күч сынашууда.
Ректордун кубогуна арналган спорттук иш-чара бешинчи ирет өткөрүлүүдө.