Баткен облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдиргендей 15-19-май күндөрү Каракалпакстан Республикасынын Нукус шаарында спорттун Таяк тартыш түрү боюнча турнир болуп өттү. Буга Баткен облусунан эки спортчу катышып, эркектер арасында 125кг жогорку салмакта Жунусов Кумарбек Кубатбекович 2-орунду камсыз кылып Кумуш медал, ал эми кыз-келиндер арасында 85 кг жогорку салмакта Рахманова Дилдора Гуламалиевна 1-орун камсыздап Алтын медал тагынды. Мындан ары жалпы спорт коомчулугу тарабынан спортчуларыбызга ийгилик каалайбыз.