"Баткен таңы" коомдук-саясий гезити

Баткендик спортчулардын кезектеги ийгилиги

Соц.тармактарда бөлүшүү

Баткен облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгы билдиргендей  15-19-май күндөрү  Каракалпакстан Республикасынын Нукус шаарында спорттун Таяк тартыш түрү  боюнча турнир болуп өттү. Буга  Баткен облусунан эки спортчу катышып, эркектер арасында 125кг жогорку салмакта Жунусов Кумарбек Кубатбекович 2-орунду камсыз кылып Кумуш медал, ал эми кыз-келиндер арасында 85 кг жогорку салмакта Рахманова Дилдора Гуламалиевна 1-орун камсыздап Алтын медал тагынды. Мындан ары жалпы спорт коомчулугу тарабынан спортчуларыбызга ийгилик каалайбыз.


Соц.тармактарда бөлүшүү
Exit mobile version