Баткенде туристтер үчүн борбор ачылды

Соц.тармактарда бөлүшүү

25 жылдыкка ачылуусу пландалган 25 оъекттин катарында, Баткен шаарынын “Жаштык” эс алуу багында “Rest Point” туристтик борбору курулду. Долбоордун жалпы суммасы 10,0 млн сом.
Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Баткен шаарынын мэриясы жер аянтын бөлүп берип, курулушу КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ААК тарабынан колдоого алынган.
Туристтик жайдын курулушу менен, 5 жаңы иш оруну түзүлдү.
Бул жайда аймакка келген туристтерге биринчи керектелүүчү кеңештер берип, ар тараптуу жардам көрсөтүлөт. Жуунучу жайы, ажаткана, кофе ичүүчү жайы бар.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *