Баткен облусунун жана Баткен шаарыны 25 жылдыгына карата облус боюнча 25 объект ачылса анын 4 объекттиси Баткен шаарында ачылды.




Бүгүн, 14-октябрда Баткен шаарынын борбордук стадионунда жайгашкан спорттук комплекс, Чет-Булак аймагындагы 7 кызматтык үйлөр, Баткен шаарынын “Жеңиш” эс алуу багындагы рестпоинт жана Баткен электр тармактар ишканасынын имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой объектерди ачууга онлайн форматта КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров старт берди. Жалпы республика боюнча 45 объекттин кызыл лентасы кесилди.
Жеринен саамалыкка КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев,КРнын Энергетика министри Таалайбек Ибраев, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Кыргызстан Улуттук электр тармагы ААКнун башкы директору Алтынбек Рысбеков, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, энергетиктер жана шаар тургундары катышты.
Жетекчилер Баткен шаарындагы Баткен электр тармактар ишканасынын заманбап имаратын салтанаттуу ачышты.
Баткен шаарында жайгашкан Баткен электр тармактар ишканасынын жаңы имараты 3 кабат болуп курулуп, 200 жумушчуга ылайыкташтырылган. Заманбап стилде салынып, жаңы мебель, компьютердик техникалар менен камсыздалып, жумушчулар үчүн жатаканасы, ашканасы жана атайын техникалар токтоочу короосу, трансформатор оңдоочу цехи, жабдууларды сактоочу кампасы менен салынган. Ал эми имараттын сметалык баасы 187 380 397 сомду түзгөн. Жалпы аянты 3727 квадрат метр.