ЮНИСЕФтин жардамы менен Канада өкмөтүнүн каржылыгы астында Баткен райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпид көзөмөл борборуна вакциналарды сактоо үчүн сыйымдуулугу 30 куб болгон, сметалык баасы 30 мин АКШ долларына облустук муздаткыч бөлмө курулду. Ачылуу аземине ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристина Бруджеоло айым жана Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев катышты.
Атайын вакцина сактоочу бөлмө электр жарыгы өчсө керектүү температураны 50 сааттан ашык кармай алат. электр жарыгы өчкөн учурда, вакциналар сапаттуу сакталат. Бул медициналык кызматкерлердин жумушун бир топ женилдетет.