БАТКЕНДЕ КАЙРЫМДУУЛУК ИШ ЧАРАСЫ ӨТҮП, 61 БАЛАГА МАТЕРИАЛДЫК ЖАРДАМ КӨРСӨТҮЛДҮ

Соц.тармактарда бөлүшүү

Бүгүн 2-апрелде Баткен шаарында ыйык орозо айынын урматына кайрымдуулук иш чарасы өттү. Ага КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдышүкүр ажы Нарматов, Баткен-Ыйман-Нуру коомдук фондунун жетекчиси Апызаалы Кочкоров, жергиликтүү жетекчилер катышты.
Иш чаранын салтанаттуу бөлүгүндө КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев сөз сүйлөп, аймактагы бир катар ата-энесинен ажыраган балдарды камкордукка алуу багытындагы фонддун аракетин жогору баалап, фонд менен тыгыз кызматташтыкта иштеген, кайрымдуулук иштеринин активдүү каышуучуларын, облус башчысынын ыраазычылык каты менен сыйлады.
Ал эми иш чаранын ардактуу коногу Абдышүкур ажы Нарматов, ыйык орозо айы менен Баткен элин куттуктап, улуу айдагы кайрымдуулук иш чарасынын маани маңызына токтолду. Ошондой эле муктаждарга жардам берүү, алардын жашоосундагы оор күндөрдү жеңилдетүүгө багытталган иш аракеттин демилгечилерине ыраазычылык билдирип, аталган фондго белектерин, акчалай жардамдарын тапшырды.
Бул күнү Баткен-Ыйман-Нуру коомдук фонду тарабынан жардамга муктаж 61 балдардын үй-бүлөлөрүнө жардамдар берилди.
Белгилей кетсек, ”Баткен-Ыйман-Нуру” коомдук фонду 2019-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Фонд, ата-энесинен ажыраган балдарды багып алууга, толук кандуу тарбия берүүгө мүмкүнчүлүгү бар үлгүлүү ата-энелерди таап, өкүл ата, өкүл апа катары дайындап келишет.
Демилгени көтөргөн Апызаалы Кочкоров алгачкылардан болуп жубайы экөө өкүл балалуу болушкан.
Аталган фонд 2019-жылдан бери 7, 5млн сомдук жардам көрсөтүшкөн, жалпы 18 баланын сүннөт тоюн өткөргөн, 48 бала өкүл ата, өкүл апалуу болду.


Соц.тармактарда бөлүшүү

Related Post

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *